Ведомствонун маалыматына ылайык, министрликтин алдындагы Экологиялык мониторинг департаментинин адистери суунун сапатын аныктоо максатында көлдүн жээк тилкесинен суу үлгүлөрүн алган.
Экологиялык мониторинг департаментинин бекитилген иш-чаралар планына ылайык, Ысык-Көл акваториясынан суу үлгүлөрү туристтик сезон башталганга чейин, сезон учурунда жана аяктагандан кийин да алынып турат. Бул чогултулган үлгүлөр боюнча суунун химиялык сапатын изилдөө иштери жүргүзүлөт.
Мониторинг иш-чаралары көлдүн түндүк жана түштүк жээктериндеги пляждарда да өткөрүлөт. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, андан аркы чараларды көрүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына, ошондой эле министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгына жөнөтүлөт.






