31-июлдан 2-августка чейин Бает айылында болгон Эл аралык UIM F1H2O суунун Формула-1 жарыштарынын маалында эксперттер сууга, топуракка жана жээкти тейлеген аймактарга калыс текшерүү жүргүзүштү.
Мындан тышкары, катерлердин токтоочу жайлары, убактылуу гараждар жана инфраструктуранын башка объекттери инспекцияда кароого алынган.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, күйүүчү майдын агып кетиши катталган эмес.
Суу үлгүлөрү жарыштардан мурун (30-июль) жана кийин (3-август) алынган. Текшерүүдө нефтепродукттар менен бирге эритилген кычкылтектин деңгээли да каралган.
Анализдер сууда булгануу жоктугун жана уруксат берилген чектен ашуун заттар табылган жоктугун тастыктады.
Жарыштардын аягында уюштуруучулар убактылуу курулушту жана жабдууларды алып чыгып, катерлерди контейнерлерге жүктөп Европага жөнөтүшкөн.
Министрликтин билдирүүсүндө, аймак толук калыбына келтирилип, экологиялык тобокелдиктер жок экени белгиленди.










