Кыргызстан шаар Бишкек шаарында өтө турган эл аралык ири иш-чараларга, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдык көрүү иштерин күчөтүп жатат.

Шаар бийликтери жана күч түзүмдөрү биргеликте коопсуздукту камсыздоо үчүн аракеттерин күчөтүп, киберчабуулдар жана маалыматтык коркутууларга каршы иш алып барууда. Байкоочу органдар шаар тургундары жана коноктору үчүн мүмкүн боло турган убактылуу жол чектөөлөрү жөнүндө да сүйлөшүүдө.

Саммиттин программасында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, энергетикалык потенциалды кеңейтүү жана санариптештирүү сыяктуу багыттар негизги орунду ээлейт. Бул маселелер ШКУ мүчө өлкөлөрүнүн экономикалык байланыштарын бекемдөөгө багытталган.

Жаңы дүйнөлүк шарттарда ШКУ өлкөлөрү бири-бирине колдоо көрсөтүүнүн жаңы формаларын издөөдө. Бул организацанын аймактагы экономикалык кызматташтык борбору катары ролу күчөйт.

Саммитке 20дан ашык мамлекеттин башчылары катышып, биргелешкен трансорттук тармактарды куруу, энергия тармагында өнүгүү жана климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташуу сыяктуу олуттуу маселелер талкууланат.

Инфраструктуралык долбоорлордун негизинде ШКУ мүчөлөрү ортосундагы соода жана өндүрүш секторлоруна жаңы дем берүү пландалууда. Технологиялык алмашуу жана илимий жетишкендиктерди бөлүшүү да чоң мааниге ээ.

"Шанхай кызматташтык уюму ичинде биздин максат – биргелешкен коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо."
Номад ТВ