Адистин айтымында, алдамчылар жарандардын ишенимин Instagram, Facebook, TikTok жана башка социалдык тармактардагы жагымдуу жарыялар аркылуу багындырышат. Аларга ири эл аралык компанияларда жумуш жана жогорку эмгек акы убада кылынат, ал эми документтерди даярдоо жана башка кызматтар үчүн акча талап кылынат.
Документтен
Жумуш издегендердин сергектигин жоготпоого жана шектүү жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз — мыйзамдуу жумушка орноштуруу менен тиешелүү лицензиясы бар агенттиктер гана алектенет.
Алдамчылыктан кантип сактануу керек?
Бактыбек Кудайбердиев акча берүүдөн мурун жеке агенттиктин расмий уруксатынын бар-жогун, кеңсесинин дарегин, байланыш маалыматтарын жана лицензиянын мөөнөтүн текшерүүнү сунуштайт. Бул жөнөкөй кадамдар алдамчылардын курмандыгы болуп калуу коркунучун бир топ төмөндөтөт.



















