Иссык-Көл жана Нарын облустарында «Коопсуз миграция караваны» аттуу маалыматтык-консультациялык иш-чаралар өткөрүлгөн. Бул акция жарандардын чет өлкөдө коопсуз жумушка орношуусу боюнча маалыматташтыруу жана алдамчылыктан сактатууга багытталган.
Министрлер кабинетинин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул акцияны Министрлер кабинетинин эмгек министрлигине караштуу чет өлкөдө жарандарды жумушка орнотуу борбору, Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) колдоосу менен Ресурс борбору өткөрүп жатат.



















