Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынын тургуну ичүүчү суунун сапатына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, крандан ылай суу жана таштандылар агып жатат. Kaktus.media басылмасынын окурманы айылда суу дайыма өчүрүлөрүн да кошумчалаган.
Айыл тургуну бул көйгөйгө көңүл буруп, айылдагы ичүүчү суунун сапатын текшерүүнү суранган.
















