Төмөнкү Ала-Арча айылында жашаган Рустам Талантбек уулу төрт жыл мурун бул аймакка көчүп келген. Анын айтымында, жыл сайын жай мезгилинде суу менен камсыздоодогу үзгүлтүктөр олуттуу көйгөйгө айланууда. Күндүзү суу толугу менен жок болуп, ал эми пайда болсо да өтө аз басым менен кыска убакытка гана берилет. Үй иштерин түнгө калтырууга туура келет, суу толтурулган идиштер адаттагы көрүнүшкө айланган.

Рустам Талантбек уулу Бишкектеги Ала-Тоо аянтынын аймагында иштегенин айтып, борбор шаар менен айылдагы суу менен камсыздоонун айырмачылыгын күн сайын көрүп турганын баса белгиледи. Анын айтымында, «Аянтта фонтандар иштеп жатат, ал эми Бишкекке караштуу Төмөнкү Ала-Арчадагы үйүмдө суу жок».

Суу берүү тартиби: түн ортосунан таңкы саат жетиге чейин

Айыл тургунунун айтымында, күндүзү сууну колдонуу мүмкүн эмес. Негизги суу берүү кечинде же түнкүсүн гана башталат. «Күндүзү суу такыр жок. Ал кечки саат тогуз, он, он бирлерде пайда болот. Кээде түнкү саат он экиден кийин да келип, таңкы жетиде кайра өчөт», – деп түшүндүрдү Рустам.

Суу келгенде да, анын басымы бир нече кранды бир убакта колдонууга жетпейт. «Эгер бир жерден, мисалы ашканадан сууну ачса, дароо жуунуучу бөлмөдөгү кран өчөт. Эки чекитти бир убакта колдонуу мүмкүн эмес», – дейт тургун.

Системадагы суунун төмөн басымынан улам, үй-бүлө тиричилик техникасынын бүтүндүгү үчүн кооптонушат. «Акыркы 3-4 күн суу такыр жок болчу. Бүгүн аз басым менен келип жатат. Бирок бул узакка созулбайт, тилекке каршы, суу каалаган убакта өчүп калышы мүмкүн. Бул убакыттын ичинде кир көп топтолгондуктан, кир жуугуч машинаны тобокелге салып иштеттик», – деп кошумчалады Рустам.