Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарынын иштешин жакшыртуу жана алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында инфраструктураны модернизациялоо маселелери каралды. Бул багыттар боюнча Жээнбек Кулубаев менен Абылкаир Скаков өз ара жолугушту.

Тышкы саясат ведомствосунун маалыматы боюнча, тараптар саясий, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Ошондой эле, биргелешкен инвестициялык жана соода долбоорлорун илгерилетүү боюнча чаралар каралды.

Кыргызстандын тышкы саясат министри Жээнбек Кулубаев жогорку деңгээлде жетишкен макулдашууларды өз убагында ишке ашыруу өтө маанилүү экенин белгиледи.