Борбордук Азиянын стратегиялык абалы аймакты маанилүү соода түйүнүнө айландырууда. Бул региондун асмандагы каттамдардын өсүшүнө, өзгөчө Кытай, Европа жана Түштүк Корея менен болгон байланыштарга оң таасирин тийгизет.
Airbus компаниясынын стратегиялык талдоо жана рынокты глобалдык болжолдоо боюнча директору Жером Шаптальдын маалыматы боюнча, аймактын өнүгүү темпи Түндүк Америкадан, Азиядан жана Жакын Чыгыштан да тезирээк жүрүп жатат. Ал жерде калктын санынын өсүшү да дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн жогору.
2045-жылга чейинки күтүлүүчү өзгөрүүлөр
Борбордук Азия абдан тез өнүгүп жатат. Калктын өсүшү да дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн жогору. Ошондуктан биз жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүнүн тезирээк өсүшүн күтөбүз.
Өсүш темпинин жогорулугу региондук маршруттарда өзгөчө байкалат. Бирок бул чоң мүмкүнчүлүктөр менен бирге жаңы чакырыктарды да алып келет. Өлкөлөргө авиациялык парктын жаңыланышына жана аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция киргизүү зарыл.













