Мыйзамга ылайык, чакан ГЭСтин кирешесинен 1% каражат жергиликтүү өз алдынча башкарууга которулат. Бул тууралуу «Чакан ГЭС» ААКтын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул ченем жергиликтүү жамааттар үчүн стимул катары каралган. Курулуш учурунда инвестор ким болбосун, жумушка орношууда артыкчылык жергиликтүү тургундарга, тар профилдеги адистерге, анын ичинде энергетиктерге жана гидротехниктерге берилет.
Канат Аскеев тургундар үчүн дагы бир пайда – сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо экенин белгиледи. Анткени генерация керектөөчүгө канчалык жакын болсо, жоготуулар ошончолук аз болот. Ал инвесторлор кайрылып жатканын жана жарандардын көпчүлүгү ГЭС курулушун колдой турганын кошумчалады.
Аскеевдин маалыматы боюнча, жылына жүздөн ашык өнөр жай объектиси ишке киргизилет, аларды өз күчү менен электр энергиясы менен камсыздоого үлгүрүшпөй жатышат.



















