Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөдө жашаган же учурда ал жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында бул чечимди кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылып жатат.
Шайлоо участоктору кайсы өлкөлөрдө ачылды?
БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо участокторунун эң көп саны Орусияда катталган — ал жакта 20 участок иштейт. Түркияда жана Казакстанда алтыдан, ал эми АКШда беш шайлоо участогу түзүлгөн.
Эң көп участогу бар өлкөлөр
Түштүк Кореяда жана Италияда үчтөн, Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден шайлоо участогу түзүлгөн. Мындан сырткары, калган 23 участогу Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголия сыяктуу мамлекеттерде жайгашкан.
Кошумча участоктор ачылат
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландалып жатканын билдирди. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кийинчерээк кошумча жарыяланат. Учурдагы түзүлгөн участоктордун тизмеси жана даректери БШКнын расмий сайтында жеткиликтүү.




























