БШКнын маалыматы боюнча, борбордук шайлоо органынын өкүлдөрү ДИАУБ/ЕККУнун шайлоо маселелери боюнча кеңешчилери Ранко Вукчевич жана Каха Инаишвили менен жолугушту.
Жолугушууда БШК өкүлдөрү шайлоого уюштуруучулук жана техникалык даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Атап айтканда, шайлоо жабдууларын жана шайлоочуларды идентификациялоо системасын алдыда тестирлөө пландары айтылды.
Тараптар аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу, шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо жана майыптыгы бар адамдар үчүн добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүн талкуулашты.
Өзгөчө көңүл шайлоо участкаларын пандустар менен жабдууга жана жаштардын шайлоого катышуусун жогорулатууга бурулду.
Эске сала кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.









