Кыргыз Грин жашыл энергетиканы өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев өлкөнүн келечектеги өнүгүү багыттарында айыл чарбасы менен жашыл энергетиканын ролу өтө чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, жакынкы беш жылга карата түзүлгөн программалардын алкагында кайра жаралуучу энергия булактарынан электр энергиясын чыгарууну көбөйтүү боюнча сунуштар каралууда.
Өткөн жылы биз бизнес коомчулугунун атынан мамлекет менен ишкерлердин өз ара аракеттенүүсү үчүн туруктуу аянтча түзүү жана көйгөйлөрдү талкуулоочу атайын платформаларды түзүү демилгесин көтөргөнбүз. Бүгүн биз бул сунуштардын натыйжаларын көрүп жатабыз.
Бул демилгелердин алкагында инвестициялар боюнча улуттук агенттик ишкерлер менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, алардын маселелерин жана сунуштарын талкуулап жатат. Форумдун негизги максаты — мамлекеттик түзүмдөр менен ишкердик чөйрөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.












