Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (ИАУ) Президенттин алдында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен бирге иштеген Инвестициялар боюнча кеңеш түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу 27-ноябрда «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес» аттуу ачык диалогдун алкагында агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров журналисттерге билдирди.

Сабировдин маалыматы боюнча, кеңештин жыйындары ар бир квартал сайын өткөрүлүп, ишкерлердин алдында турган көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталышы керек. Алдын ала жолугушуулардын учурунда бизнес тарап ар кандай багыттар боюнча 70ден ашык суроону көтөрүп келгендигин белгиледи.

Негизги көйгөйлөрдүн катарына соттук талаш-тартыштар, ошондой эле инвесторлордун укуктарын жана кепилдиктерин коргоо кирет. Агенттиктин жетекчиси бүгүнкү күндө ишкерлердин абдан көп суроолору жана көйгөйлөрү бар экенин ачык айтуу зарыл экенин баса белгиледи.

Бизнестин бүгүнкү күндө абдан көп суроолору бар, көйгөйлүү маселелер бар. Муну ачык таанууга керек.
Равшанбек Сабиров, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси

Ошондой эле Сабиров 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде Президент тарабынан берилген тапшырманы эске салды. Ал боюнча укук коргоо органдарына, прокуратурага жана сотторго мыйзам чегинде иш алып барууга жана инвесторлордун көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүгө тапшырма берилген.