Ленин районунда, Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде 11-августта мыйзамсыз орнотулган жарнак конструкциялары демонтаждалды.

Муну менен бирге, адистер ар кандай багытта жана туура эмес жайгаштырылган кабелдерди жана зымдарды алып салууга жетишти.

Ишкерлер да жамааттык тазалоо иштерине катышып, аймактагы санитардык абалды жакшыртышты.

Бул чаралар шаар мейкиндигинин көрүнүшүн жакшыртуу жана дизайн-кодекс талаптарын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүүдө.

Шаар мэриясы мындай иштер мындан ары да улантыларын билдирди.