Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, Ленин районундагы Ош базарынын айланасында мыйзамсыз орнотулган жарнактар жана рекламалык щиттер демонтаждалды.
Иш-чаралар 11-августта Чүй проспектисинде Павлов, К. Кулиев, Б. Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жана Манас көчөсүнөн Иманалы Айдарбекова көчөсүнө чейинки аймакта өткөрүлдү.
Мэриянын маалыматына ылайык, ишкерлер тарабынан мыйзамсыз орнотулган жарнактар алынган.
Ошондой эле бул жерлерде электир жана интернет зымдар уюштурулуп, тартипке салынды.
Ишкерлер өздөрү аймактарды тазалап, күрөө иштерин жүргүздү.
Мэрия мындан ары да мыйзамсыз жарнактарды демонтаждоо, зымдарды уюштуруу жана шаарды көрктөндүрүү иштерин улантарын билдирди.
























