Махатма Ганди (мурунку Муромская) жана А. Масалиева (мурунку Чортекова) көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скверди куруу боюнча курулуш-монтаждоо иштери уланууда. Бул долбоорду «Лидер Хаус» ЖЧКсы аткарууда деп билдирди Бишкек мэриясынын пресс-кызматы.
Учурда 3 700 чарчы метрден ашык аянтта топурактын өсүмдүк катмары 25 см тереңдикке чейин алынган. Жаңы топурак ташылып келди, тротуарларды төшөө үчүн негиз даярдоо жана аны тыгыздоо иштери аткарылды.
Мындан тышкары, воркаут-зона жана балдар аянтчасы үчүн негиздер даярдалды, ошондой эле В-2-2 тибиндеги 48 ирригациялык лоток орнотулду. Курулуш аяктагандан кийин бул аймакта эс алуу, сейилдөө, спорт менен машыгуу жана балдардын оюн-катналары үчүн бардык шарттар түзүлөт.








