Бишкек шаарынын бардык мектептери жана бала бакчалары 360 градустук бурчту камтыган видеокөзөмөл камералары менен жабдылды. Бул тууралуу Биринчи радиосунун түз эфирүндө шаар мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева билдирди.
Видеокамералар шаардык Ички иштер баш башкармалыгынын (ИИББ) кырдаалдык борборуна туташтырылган. Бул система окуу жайларындагы коопсуздукту күчөтүүгө багытталган.
Бул балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана билим берүү мекемелерине бөтөн адамдардын кирүүсүн алдын алууга багытталган. Биринчи кезекте балдар бала бакчада же мектепте коопсуз болушу үчүн жагымдуу чөйрө түзүү зарыл. Ушул максат менен биз бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарына ИИББнын кырдаалдык борборуна туташтырылган камераларды орноттук. Алар 360 градустук бурчту камтыган видеокөзөмөлдү жүргүзөт. Ар бир мектептин кире беришине алдынан жана артынан деген эки камерадан орнотулган.
Мусаеванын айтымында, видеокөзөмөл системасын орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен атайын каражат бөлүнгөн. Камералар мектептин тегерегиндеги кырдаалды көзөмөлдөөгө жана окуучулардын ортосундагы чыр-чатактар же башка коркунучтуу кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.
Мындай окуялар болгондо, алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү ыкчам топ ошол жерге жөнөтүлөт.









