2026-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаардык мэриясында Чыңгыз Айтматов проспектисинде жана Чыгыш көчөсүндө жашаган тургундар үчүн атайын иш-чара өттү. Аталган аймактарда автожолдорду кайра куруу жана кеңейтүү долбоорунун алкагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер участоктору муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жер ээлерине жер үчүн компенсация катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 40 миллион 763 миң сомду түзгөн акча сертификаттарын тапшырды.
Мэриянын маалыматы боюнча, компенсациялык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө болгон мыйзамдуу укуктарын тастыктаган зарыл документтерди берген жарандарга берилет. Калган жер участоктору боюнча компенсацияларды берүү иштери дагы эле белгиленген тартипте уланууда.
Бүгүн биз бул иштин аягына жакындап жатканыбызды белгилей алабыз жана мэрия өз милдеттенмелерин мыйзамга ылайык ырааттуу түрдө аткарууда.
Шаар башчысы мындай масштабдагы процесстер муниципатет үчүн жаңы жана татаал тажрыйба болгонун белгилеп, түшүнүү менен мамиле кылган тургундарга ыраазычылык билдирди. Ал мүлктүк маселелерди жөнгө салуу иштери мыйзамдарды сактоо менен жана шаардыктардын кызыкчылыктарын эске алуу менен ырааттуу жүрүп жатканын баса белгиледи.

















