Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги «Курултай» маалыматтык системасын презентациялады. Бул система Элдик курултай делегаттарынын кайрылууларын каттоо жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн.

Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана ведомстволук уюмдардын, кызматтардын жана департаменттердин жооптуу өкүлдөрү презентацияга катышты. Бул тууралуу ведомство өзүнөн билдирди.

Маалыматтык система модернизацияланган Ситуациялык карта менен иштөө үчүн иштелип чыккан. Ал III жана IV Элдик курултайлардын учурунда делегаттар тарабынан айтылган же жазуу жүзүндө жөнөтүлгөн маселелер жана кайрылуулар боюнча иш-чаралар планынын негизинде түзүлгөн.

Ошондой эле, жаңы система V Элдик курултайдын делегаттарын кабыл алууну максаттуу уюштурууга шарт түзөт. Системанын негизги милдети — делегаттардын кайрылууларынын бирдиктүү реестрин жүргүзүү жана жооптуу органдардын тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөө.

«Курултай» системасы төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат:

  • делегаттар койгон маселелерди жана милдеттерди эсепке алуу
  • аларды тиешелүү региондор менен байланыштыруу
  • аткаруу мөөнөттөрүн көзөмөлдөө
  • жетекчилик үчүн отчетторду түзүү