УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Эльдар Жакыпбеков менен мурдагы кызматкери Сыдык Дюйшембиевге карата козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Соттун маалыматы боюнча, иш «секрет» деген гриф менен бекитилгендиктен, соттук кароо жабык режимде өткөрүлөт. Алар боюнча аскердик прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Эльдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгы кызматынан бошотулгандан кийин кармалган. Андан кийин дагы бир катар жооптуу кызматкерлер кармалган.
УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев июнь айында мыйзамсыз аракеттерге аралашканы үчүн УКМКнын 96 кызматкери иштен четтетилгенин маалымдаган. Алардын ичинен 24 адамга карата кылмыш иштери козголгон.











