Бишкек мэриясы жалпы колдонууга берилген арендалык самокаттарды гана көзөмөлдөй алат. Жеке адамдардын өзүнө таандык электр самокаттары жана электр велосипеддери үчүн эч кандай чектөөлөр жок экени белгиленди.
Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиевдин маалыматы боюнча, жеке техникалардын ылдамдыгы саатына 50–60 километрге чейин жетиши мүмкүн. Бул жагдай жол кырсыктарынын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет.
Арендалык самокаттардын ылдамдыгы15 км/ч60 км/ч +300%
Азыркы учурда шаарда колдонулган мобилдик тиркемелер аркылуу башкарылуучу арендалык транспорттор үчүн ылдамдыкты саатына 15 километрге чейин түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми жеке ээлери бар транспортторду башкарууда мындай техникалык чектөөлөр жок.










