Бишкек шаарындагы лифттик чарбада олуттуу көйгөйлөр жаралууда. Май айындагы маалыматтарга таянсак, шаардагы дээрмен 900 лифттин 410ү өзүнүн иштөө мөөнөтүнөн 25 жылдан ашык убакыт өткөн техника болуп саналат. Айрым лифттердин иштеген убактысы 47 жылга чейин жеткендиги белгиленген.

Лифттердин абалы

13электр-механик
900лифттин саны
41025 жылдан ашык эски лифттер

Авариялык кызматтын ишиндеги статистика да кооптуу көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Авариялык чакыруулардын саны өткөн жылга караганда бир топ өскөн:

Авариялык чакыруулардын саны

85202024-жылдагы чакыруулар
128012025-жылдагы чакыруулар

Бул көрсөткүч боюнча, орточо эсеп менен ар бир 41 мүнөт сайын авариялык кызмат жаңы билдирүү боюнча чыгууну ишке ашырган. Шаардык бийлик бул жыл үчүн 93 лифтти модернизациялоону пландаган болчу, бирок учурда болгону 16 лифт гана толук жаңыланып, ишке киргизилген.

Рамиз Алиевдин айтымында, мындай кырдаалдын себеби курулуш буму болуп жатат. Лифт орнотуучу компаниялар буйрутмалардын көптүгүнөн улам, алардын иш графиги алты айга чейин алдын ала пландаштырылып жатат. Келерки жылы шаардык бийлик 200 лифтке чейин алмаштырууну пландап жатат.