27-ноябрда Чүй районунун мамлекеттик администрациясында жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча кеңешме болуп өттү. Иш-чара учурунда райондун акими Алманбет Осмонов №954 жол эксплуатациялоо мекемесинин жетекчиси Темирлан Кубанычбековдун ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип, бир катар тапшырмаларды берди.
Акимдин айтымында, мекемеде кызматкерлерди камсыздандыруу маселеси өтө начар жүрүп жатат. Ишканада иштеген 27 адамдын ичинен болгону үчөө гана камсыздандыруу компаниясы аркылуу камсыздандырылган.
Эгерде сенин сөзүңдүн салмагы жок болсо, эгер сен жамааттын ишин уюштура албасаң, анда арыз жазып кетүү керек. Сенин астыңда иштеген 27 адамдын камсыздандыруусун бүтүрө албай жатасың. Камсыздандырууну аягына чыгаруу үчүн 10 күн убакыт беребиз.
Мындан тышкары, райондук комиссиянын текшерүүсү боюнча №954 мекемеде иш кагаздарын жүргүзүү деңгээли канааттандырарлык эмес экени аныкталган. Ишканада электрондук документ жүгүртүү системасы киргизилген эмес жана буйруктар атайын журналга катталбайт.
Документтердин аткарылышы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр белгиленди:







