Кыргызстанда 2025-жылдын аягына карата мобилдик байланыштын абоненттеринин саны 7,8 миллионго чейин өстү. Бул көрсөткүч 2010-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсе көп болуп калды.
Эң активдүү өсүш 2010-2015-жылдар аралыгында байкалган, ал кезде мобилдик байланышка жаңы 1,7 миллион колдонуучу кошулган.
Мындан сырткары, өлкөдө стационардык телефон байланышы колдонулушунан акырындап баш тартылууда. 2010-жылы 493 миң болгон стационардык телефон абоненттеринин саны 2025-жылга карата 142 миңге чейин түшкөн.
2025-жылы ар бир миң адамга орточо эсеп менен 1 060 мобилдик байланыштын абоненти туура келип, бул айрым колдонуучулардын бир нече номур колдонуп жатканын көрсөтөт.
Ошол эле убакта станционардык байланыштын абоненттеринин саны ар бир миң адамга болжол менен 19 гана түзүп, акыркы он жыл ичинде үч эсе төмөндөгөн.
Мобилдик байланыш менен интернет кызматтары өлкөнүн телекоммуникация рыногунун негизги багыттарына айланып, 2025-жылы интернетке туташуу кызматтарынан 21 миллиард сомдук киреше алынган.








