Украина Кара деңизде азык-түлүк жеткирүү коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгү менен тынчтык орнотууну сунуштады. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига билдирди, деп жазылат DW маалыматына шилтеме берген Kaktus.media ресурсунда.

Биз тынчтыкка даярбыз. Кара деңиздеги чыңалууну төмөндөтүүдө жана сүйлөшүүлөр процессинде активдүү жана маанилүү ролду ойноп жаткан Индияга, Түркияга жана Египетке ыраазычылык билдиребиз. Биз Россиянын жообун күтүп жатабыз.
Андрей Сибига, Украинанын тышкы иштер министри

Министрдин айтымында, Россия Украинага өзүнүн мунай тармагына жасалган соккулардан баш тартууну сунуштаган. Киев бул сунушту эки өлкөнүн тең энергетикалык инфраструктурасына жасалган чабуулларды токтотуу боюнча кеңири макулдашуунун алкагында гана талкуулоого даяр.

Бул демилге соода жана энергетикалык инфраструктурага жасалып жаткан өз ара соккулардын фонунда келип чыкты. Украинанын бийлигинин маалыматы боюнча, 26-ноябрда Россиянын дрондору Одесса жээгинде дан ташып бара жаткан эки чет элдик жүк ташуучу кемеге чабуул жасаган.