Бишкек шаарында үйү жок адамдар үчүн сезондук баш калуу жайлары кайрадан өз ишин баштады. Бул мекемелер 1-ноябрдан тарта иштеп жатат.
Номад ТВ каналынын маалыматына ылайык, Октябрь районундагы баш калуу жайларынын биринде учурда 72 адам жашап жатат. Ал жерде жарандарга түн өткөрүүгө шарт түзүлүп, ысык тамак жана зарыл болгон жардамдар берилет.
Өткөн кыш мезгилинде бул жерлерде 600ден ашык адам кабыл алынган. Бүгүнкү күндө борбор шаарда ушундай максатта төрт мекеме иштеп жатат.







