2026-жылдын экинчи чейрегинде Ош облусунун Кара-Суу районунда балдардын укуктарын коргоо тармагында 21 тескерүү өткөрүлдү. Бул текшерүүлөр прокуратура тарабынан уюштурулуп, мыйзамдардын сакталышы мониторингден өттү.
Жыйынтыгында жалпы 74 мыйзам бузуулар аныкталды. Бул фактылар райадминистрацияга жеткирилди жана аларды жоюу багытында иш-чаралар жүргүзүлдү.
Прокурордук актылар менен 23 адам ар кандай дисциплинардык жообкерчиликке тартылды. Андан тышкары, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу, буллинг, суицид жана эрте никеге туруунун көйгөйлөрү өзгөчө көңүл борборунда болду.
Прокуратура балдардын укуктарын коргоо жана өспүрүмдөрдүн мыйзам бузушунун алдын алуу боюнча иш-чараларды мындан ары да улантарын билдирди.
