Кыргызстанда 2026-жылдын 1-июлунда жеке ишкерлер жана фермердик чарбалар экономиканын субъекттеринин жалпы санынан 93,6% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Юридикалык жактар — чакан, орто жана ири ишканалар — жалпысынан экономика субъекттеринин 5,4% гана түзөт. Алардын ичинен чакан ишканалар 38,1 миң, орто ишканалар 4,6 миң, ири ишканалар болсо 2 миңди түзөт. Мындан сырткары 8,6 миң башка жалгыздырылган бөлүмдөр бар.

Жеке ишкерлердин жалпы саны 417,7 миңге жетсе, фермердик чарбалар 354,9 миң болуп эсептелген.

Чакан, орто жана ири ишканалар боюнча лидерликти борбор шаар Бишкек ээлейт. Мисалга, өлкөдөгү чакан ишканалардын 64,3% же 24,5 миңи Бишкекте катталган.

Ал эми жеке ишкерлер жана фермердик чарбалар боюнча айырмалуу көрүнүш бар. Эң көп жеке ишкерлер Ош облусунда — 78,7 миң катталса, андан кийинки орунда Чүй облусу турат (69,4 миң). Фермердик чарбалардын саны боюнча Ош облусу (109,5 миң) менен Жалал-Абад облусу (81,7 миң) алдыңкы линияда.

Бишкекте фермердик чарбалар аз болуп, алардын саны 3,5 миңге жетпейт, бул региондордун ичинен эң төмөн көрсөткүч.