Бишкек шаарында акыркы бир жыл ичинде HoReCa (мейманкана жана ресторан) тармагында 300 жаңы ишкана түзүлдү. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
Жалпысынан жаңы ишканалардын ичинде 164 юридикалык жак жана 132 жеке ишкер кирет. Натыйжада мейманкана жана ресторан секторундагы ишканалардын жалпы саны 6400дөн 6700гө көбөйдү.
Улуттук статистика комитети бул тармакка кыска мөөнөттүү жайгашуу үчүн мейманканалар, ошондой эле ресторандар, барлар, ашканалар жана даяр тамак менен камсыздоочу пункттар кирерин белгилейт.
Бул сектор шаардагы жаңы юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоо боюнча башкы ондукка кирди, бул анын экономикадагы маанисинин өсүп жатканын көрсөтүп турат.

