Сон-Көл көлүндө балык запастарын жасалма түрдө көбөйтүү боюнча иштер улантылууда. Бул иш-чаралардын алкагында 6,2 миллион сига-лудоги икрасы алынды. Адистер учурда икраны уруландыруу жана атайын инкубаторлорго жайгаштыруу процессин ишке ашырып жатышат.
Бул иштерди «Кыргызрыбхоз» мамлекеттик ишканасынын Сон-Көл филиалы 2026-2027-жылдарга карата мамлекеттик балык чарбалык суу түктүктөрүндө балык запастарын жасалма түрдө көбөйтүү планынын негизинде аткарууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык чарба комплексинин департаментинин билдирүүсүнө караганда, бул план Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган. Сон-Көлдөгү балыктарды көбөйтүү боюнча иштер бекитилген планга ылайык улантыла берет.










