Иран Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (КСИР) командование Британиядагы Фэрфорд авиабазасын ракета менен сокку уруу мүмкүнчүлүгү тууралуу расмий эскертүү жасады.

Авиабаза Фэрфорд Англиянын Глостершир графтыгында жайгашып, АКШнын Европадагы оор бомбардировщиктерин жайгаштыруучу негизги жайлардын бири болуп саналат.

Иран тарап билдиргендей, Лондон бул авиабазаны АКШнын B-1B Lancer бомбардировщиктерин Иранга сокку урууларын уюштуруу үчүн берип жатат.

КСИРдин билдирүүсүндө, тышкы аскердик базалардын ислам республикасына каршы агрессиялык операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулушу жооп кайтаруучу чаралардын негиз болуп саналат.

Учурда Британиянын расмий органдары бул билдирүүгө байланыштуу кенен комментарий бере элек.