Euronews медиасынын маалыматы боюнча, ат үстүндөгү күрөш, чуркоо, жаа менен атуу жана башка салттуу оюндар көчмөндөрдүн күнүмдүк жашоосундагы маанилүү көндүмдөрдөн келип чыккан. Бүгүнкү күндө бул салттарды сактап калуу жана жайылтуу максатында өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 100дөн ашык өлкөнүн спортчуларын өзүнө тартты.

2014-жылы Кыргызстанда көчмөндөр спортун жана салттарын кайра жандандыруу максатында башталган демилге, 2026-жылдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен дүйнөлүк деңгээлдеги чоң окуяга айланды. Мероприятиенин масштабы көптөгөн конокторду жана журналисттерди таң калтырды.

3000спортчу
109өлкө
43спорт түрү

Бул мелдештерге көчмөндөр маданияты менен түздөн-түз байланышы жок өлкөлөрдөн да катышуучулар келди. Тарыхый жактан согуштук даярдык, аңчылык жана көчмөндүк турмуштун катаал шарттарынын таасири менен калыптанган бул жөндөмдөр күчтү, чыдамкайлыкты жана ат үстүндөгү чеберчиликти өнүктүрүүгө жардам берген.

Кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, тажик жана монгол сыяктуу бай көчмөндүк салттары бар элдер үчүн бул оюндар жөн гана спорт эмес, тарыхтын, улуттук өзгөчөлүктүн жана маданий мурастын символу болуп саналат.