Сокулук районунун Ак-Жол айылында унаа каражаттарын каттоо боюнча жаңы «Тундук» бөлүмү өз ишин баштады. Бөлүмдү Кыргызстандын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев ачты.
Президенттин иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, бөлүм Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгына караштуу Унаа каражаттарын жана айдоочуларды каттоо мамлекеттик борборунун курамына кирет.
Кантип иштейт?
Биринчи этапта унааларды алгачкы каттоо жана кайра каттоо үчүн арыздар «Тундук» мобилдик тиркемеси аркылуу гана кабыл алынат. Арызды телефон аркылуу каалаган жерден берсе болот.
Адис арызды ырастагандан кийин, жарандар даяр техпаспорт менен мамлекеттик номер белгилерин алуу үчүн бөлүмгө келиши керек.
- Документтерди алуу үчүн паспортту көрсөтүү зарыл.
- Эгерде мамлекеттик номерлер алмаштырылып жатса, мурунку техпаспорт менен номер белгилерин да алып келүү керек.
Бул тартип жарандардын убактысын үнөмдөп, кезекти болтурбайт.
Туманбаев белгилегендей, азыркы учурда каттоо кызматтарын толугу менен онлайн форматка өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кийинки кадам катары даяр техпаспортторду жана мамлекеттик номерлерди үйгө жеткирип берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Жаңы бөлүм дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт. Дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Ак-Жол айылы, Разное көчөсү, 10.












