Эми Кыргызстанда унаа ээсин алмаштыруу процесси бир топ жеңилдеди. «Түндүк» тиркемеси аркылуу унааны онлайн кайра каттоодон өткөрүү бир нече мүнөт гана убакытты алат.
Бул кызматты ийгиликтүү колдонуу үчүн эки тараптын тең төмөнкү шарттарды сактоосу зарыл:
- Сатуучу менен сатып алуучунун колдонуудагы электрондук кол тамгалары болушу керек
- Унаанын төлөнбөгөн айып пулдары болбошу шарт
Ошондой эле, Бишкек шаарында техпаспортторду жана мамлекеттик номерлерди үйгө жеткирүү кызматын ишке ашыруу пландалууда.








