Министрлер Кабинетинин жана Президент Администрациясынын кезектеги жыйынында ондон ашык маанилүү маселе каралды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президент Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жыйында сунушталган чечимдерди колдоду.

Өнөр жай жана инвестициялык аймактар

Экономика жана коммерция министрлиги «Өнөр жай саясаты жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун сунуштады. Ошондой эле өзгөчө укуктук режимге жана статуска ээ болгон «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү боюнча Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору каралды. Талкуулардын жыйынтыгында катышуучулар бул чечимдерди колдоп беришти.

Жер маселелери жана трансформация

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги Бишкек, Ош шаарларында жана Ысык-Көл облусундагы жер участокторун категориясын өзгөртүү боюнча токтомдордун долбоорлорун алып келди. Бул долбоорлор айыл чарба багытындагы жерлерди калктуу конуштардын жерлерине которууну (трансформациялоону) көздөйт.

Трансформациялана турган аймактар
  • Иссык-Кульская

geoBoundaries, © OpenStreetMap

Адылбек Касымалиев жыйындын аягында талкуу учурунда айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу зарыл экенин белгилеп, бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.