Кыргызстанда «Унаа» мамлекеттик борборунун кызматтарын санариптештирүү иштери активдүү уланууда. Бүгүнкү күндө транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо боюнча операциялардын 87 пайызы «Тундук» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Биринчи радиодо» борбордун директорунун орун басары Тилек Женишев билдирди.

Онлайн кызматтардын киргизилиши «Унаа» бөлүмдөрүндөгү кезектерди бир топ кыскартты. Жарандар унаасын каттоо же кайра каттоо иштерин аралыктан бүтүрүп, андан кийин техникалык паспортту жана мамлекеттик номердик белгилерди ала алышат.

676 000айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу боюнча билдирме
58%электрондук форматта берилген билдирмелер

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-декабрында мамлекеттик номерлерди жана техпаспортторду үйгө жеткирүү кызматын ишке киргизүү пландалууда. Бул кызмат «Тундук» тиркемеси жана «Кыргыз почтасы» менен биргеликте иштейт.

Тилек Женишевдин айтымында, учурда даярдык иштери 60 пайызга чейин аяктады. Документтерди тариздөө учурунда жарандар аларды «Унаа» бөлүмүнөн өз алдынча алып кетүүнү же белгиленген дарекке жеткирип берүүнү тандап алышы мүмкүн. Долбоордун алкагында жеткирүү акысынын өлчөмү азырынча бекитилген эмес.

Транспорт каражаттарынын саны өстү

Табигый ресурстар министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 1,9 миллиондон ашык транспорт каражаты катталган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 13 пайызга жогорулагандыгын билдирет.

Транспорт каражаттарынын саны

  • 2024-жыл — 1,7 миллион даана

Табигый ресурстар министрлиги