Аймактагы таштанды маселесин чечүү жана санитардык абалды жакшыртуу үчүн Жети-Өгүз районунда жаңы таштанды полигонун куруу иштери жүрүп жатат. Бул долбоордун алкагында 5 гектар жер бөлүнгөн.
2025-жылы жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган райондук долбоор иштелип чыккан. Анын негизинде таштанды маселесин биргелешип чечүү демилгеси көтөрүлгөн.
Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү
Долбоордун жалпы наркы 54 миллион сомду түзөт. Анын ичинен 20 миллион сому инвестиция катары тартылган, калган каражаттар Өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланат. Ошондой эле атайын техникаларды сатып алуу каралган.
«Кызыл-Суу тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рысбек Кененбаевдин билдирүүсүнө караганда, жаңы таштанды аянтчасы бардык талаптарга ылайык уюштурулат. Полигон ишке киргенден кийин, райондун айылдарынан чогултулган таштандылар ушул жерге ташылып, андан соң кайра иштетүүчү ишканаларга жөнөтүлөт.
Учурда ишканада болжол менен 80 кызматкер иштейт. Алар белгиленген график боюнча айылдардын тазалыгын камсыз кылып, таштандыларды чогултуу жана чыгаруу менен алектенишет.




















