Бишкек шаарында синтетикалык баңги заттарды жашыруун жайгаштыруу (закладка) аркылуу сатууга шектелген 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбордук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
«Допинг» операциясынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Жумабек көчөсүндө Kia K5 моделиндеги автоунааны токтотушкан. Унаанын айдоочусу катары 2004-жылы туулган М.Ш. аныкталып, анын үстүндө жана унаасынын ичинде баңги заттар табылган.
Тартылган заттардын бир бөлүгү унаанын салонунан, ал эми экинчи бөлүгү багаж бөлүмүнөн табылган. Учурда аталган факты боюнча «Сатуу максатында баңги заттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз иштеп чыгуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоо камерасына жабыштырылды, тергөө иштери уланууда.






