Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдиль Байсалов социалдык тармактардын биринде Аскар Акаевдин экс-президент статусун алып салуу чечими саясий мүдөөлөр менен байланыштуу жана юридикалык жактан эч кандай күчкө ээ эмес экенин айтты. Элчи Акаевдин туулган күнү менен куттуктап, биринчи президенттин дарегине мазактоолорду, кемсинтүү жана ысмырап сүйлөөлөрдү жасаган жарандарга кайрылды.
Байсалов өзүнүн мурунку көз караштарын өзгөртпөгөнүн, бирок мурунку мамлекет башчынын эмгектерин таанарын белгиледи. Ал өзүн мурда Акаевдин катуу сынчысы жана саясий каршылашы болгонун эске салды.
Эгерде Аскар Акаев болбосо, бүгүнкү күндө бизде бар көп нерселер болмок эмес. Бул бардык нерсе туура жасалды дегенди билдирбейт, бирок биздин бүгүнкү жетишкендиктерибиз бош жерден пайда болгон жок.
Элчинин айтымында, Акаевдин экс-президент статусун алып салуу боюнча Убактылуу өкмөттүн декрети юридикалык жактан жараксыз. Ошондой эле, 2024-жылы Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынган чечимге, тактап айтканда, депутаттардын анын статусун калыбына келтирүү маселесин кароо үчүн комиссия түзүүдөн баш тарткандыгына макул эмес экенин билдирди.
Байсалов көз карандысыздыктын алгачкы татаал жылдарында көптөгөн иштердин жасалганын жана мамлекетти түзүүгө жана чыңдоого тийген мурунку муунга ыраазычылык билдирүү керек экенин кошумчалады.













