Бишкек шаарында онкологиялык оорулары бар балдарды дарылоо процессинде жүргөн ата-энелер үчүн атайын пансион курулууда. Бул курулуш иштери Улуттук эне менен бала коргоо борборунун аймагында, балдардын онкологиялык борборунун жанында жүрүп жатат.

Курулуш иштери Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча ишке ашырылууда. Бул долбоорду Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти жана «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы биргеликте жүргүзүүдө. Иштер Президенттин Туруктуулоочу фондунун эсебинен каржыланууда.

Пансиондун мүнөздөмөсү

3,5кв. м жалпы аянты
70орун саны
14эки орундуу номерлер

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, пансиондун ичинде зарыл болгон бардык шарттар түзүлөт. Ал жерде конференц-зал, спорттук зал, тамаккана, кир жуугуч бөлмө жана сыйынуучу бөлмө сыяктуу кошумча жабдыктар болот.

Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык уланууда. Иштин жүрүшү боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар бар:

  • А блогунда төшөлмө плиталардын монтажы аяктады
  • Б блогунда колонналар орнотулду
  • В блогунда плиталарды бетондоо иштери бүтүрүлдү