Чүй районунда Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу патрулдук милиция тарабынан токтотуу тууралуу мыйзамдуу буйрукту аткарбай, унаасын айдаткан.
Милиция кызматкерлери анын артынан кыска куугунтук жүргүзүшүп, кийинчерээк кармашкан.
Кармоо учурунда айдоочунун мас абалында болгондугу аныкталып, унаа айып токтоочу жайга коюлду.
Бул окуя тууралуу административдик протокол түзүлгөн.

