5 кылмыштуу топтун 34 мүчөсү кармалды
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 5 кылмыштуу топтун курамында аракеттенген 34 адам кармалды. Алар интернетте кумар оюндарын уюштуруу менен алектенишкен. Бул тууралуу полиция ведомствосу билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган топтор "Armani" аталышындагы сайтты, ошондой эле "Pokerrr" тиркемесиндеги "Dollar Holdem", "Рутин ах" (Брат Путин), "Mazab, Хүрээ, 42y22" клубдарын түзүп, кумар оюндарын өткөрүшкөнү аныкталды.
Онлайн оюндарды өткөрүү үчүн колдонулган буюмдар жана каражаттар тартып алынды. Ошондой эле бул ишмердүүлүккө катышкан эсептер аркылуу жасалган мыйзамсыз транзакциялар катталды.
Жашыруун активдер табылды
Тергөө учурунда кымбат баалуу унаалар жана батирлер сыяктуу жашыруун активдер да табылды. "Mazab, Хүрээ, 42y22" клубу өз серверин айыл жеринде жайгаштырып, ошол жерден интернеттеги кумар оюндарын уюштурганы аныкталды.
Полиция ведомствосу кибермейкиндиктеги кумар оюндарын аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чараларды тынымсыз жана этап-этабы менен жүргүзүүдө.









