«Биринчи радио» эфиринде Бишкектин тургундарынын бири мектептердеги зордук-зомбулуктун деңгээли өсүп жатканын кооптонуу менен айтты. Ал окуучулардын адеп-ахлагын калыптандыруу үчүн мектептерге «Ыйман» предмети кайра кайтарылышы керек деген сунуш менен чыкты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Рахат Мусаева бул маселе боюнча мектептин негизги милдети билим берүү экенин белгиледи. Ал ата-энелердин ролун өзгөчө белгилеп өтүп, тарбиянын үй-бүлөдөн башталышын айтты.








