Кыргызстандын жеңил жана тигүү өнөр жайында жасалма интеллектти дизайн түзүү жана товарларды жарнамалоо үчүн колдоно башташты. Бул тууралуу ЕАЭБ Ишкердик кеңешинин президиумунун мүчөсү, Кыргызстан өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев маалымат берди.

Айрым ишканалар жасалма интеллектти киргизүүгө аракет кылууда. Ал эң биринчи кезекте жеңил жана тигүү өнөр жайында кийимдердин дизайнын түзүүдө колдонулууда.

Дизайнердик компаниялар нейротармактарды дизайн жасоо жана сатуу иштеринде колдонушууда. Буга байланыштуу мурда макет түзүү жана презентациялык материалдар менен алектенген адистердин орду бошоп жаткан","text":"Дизайнердик компаниялар нейротармактарды дизайн жасоо жана сатуу иштеринде колдонушууда. Буга байланыштуу мурда макет түзүү жана презентациялык материалдар менен алектенген адистердин орду бошоп жаткан"

Ошондой эле, Кыргызстанда жасалма интеллекттин кыргыз тилин түшүнүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу зарыл экени белгиленди. Бул технология кыргыз тилиндеги сөздөрдү жана сурамдарды жакшыраак кабыл алуусун кеңейтүү керек экенин билдирет.

Данил Ибраевдин айтымында, эгерде жасалма интеллект аркылуу продукция чыгарган платформалар мамлекет тарабынан субсидияланса (дотацияланса), анда бул натыйжалуулукту арттырууга жардам берет. Мындай учурда ар бир кызматкердин ишинин натыйжалуулугу бир топ жогорулап, мамлекет ар бир адамдан көбүрөөк пайда алат.