Бишкек мэриясынын расмий каналынын маалыматына ылайык, Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги 12-мектептин маңдайындагы соода объекттери демонтаждалды. Бул чечим шаардык Экологиялык кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы соттун чечиминин негизинде капиталдык соода объекттерин, анын ичинде «Сладости Востока» дүкөнүн алып салуу иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин, 2025-жылдын 26-августунда өткөн Экологиялык кеңештин жыйынында борбор шаардагы мектептердин тизмеси бекитилген. Ал тизмеде мектептердин аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери пландалган.

Аймак бошотулгандан кийин, Свердлов райондук администрациясы ал жерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзөт.