Иссык-Кулдун Джети-Огуз районуна караштуу Ырдык айылында «Тангор Фест – 2026» аталышындагы маданий-туристтик фестиваль ийгиликтүү өттү.
Иш-чаранын негизги максаты райондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу, жергиликтүү жана эл аралык туристтерди тартуу, ошондой эле ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн ортосунда достукту бекемдөө болуп саналат.
Фестивалдын программасында улуттук салт-санаалар көрсөтүлүп, кол өнөрчүлүктүн жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөлөрү уюштурулду. Ошондой эле ар түрдүү чыгармачылык уюмдар концерттик программа даярдап, коноктор үчүн маданий жана оюн-зоок иш-чаралары өткөрүлдү.
Ыйгарым укуктуу органдардын билдирүүсүнө караганда, бул фестиваль жергиликтүү маданиятты жандандыруу менен катар, Джети-Огуз районунун туристтик брендди калыптандырууга багытталган салттуу иш чаралардын бири болуп саналат.













