21-ноябрда эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы ынтымакты чыңдоо максатында спорттук иш-чара өткөрүлдү. Оюнга Жогорку Кенештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган кыргызстандык эл өкүлдөрү жана Түркия тараптан депутаттар катышты.
Жогорку Кенештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Түркияны тарыхый, маданий жана руханий жакындыктар бириктирип турганын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтык жигердүү өнүгүүдө.
Мамлекеттер аралык мамилелер расмий жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр менен гана чектелбейт. Бүгүнкүдөй спорттук иш-чаралар да өз ара байланышты чыңдоого, жакындан таанышууга жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Үнал Караман дагы бул жолугушуу парламенттердин ортосундагы ишенимди жана достукту бекемдөөгө жардам берет деп ишенгендигин билдирди.
Матчтын жыйынтыгы




























