Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков, Бактыяр Калпаев жана Медер Чотонов Түркиянын борбордук шаары Анкарада өткөн «Түрк дүйнөсүнүн жаш парламентарийлеринин жолугушуусу» аттуу эл аралык форумга катышты.

Форумдун алкагында кыргызстандык эл өкүлдөрү бир катар панелдик сессияларда сөз сүйлөп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, жаштардын ролун жогорулатуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин көтөрүштү.

Экономикалык байланыштарды чыңдоо

Депутат Дастанбек Жумабеков «Түрк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен карьералык баарлашуулар» аттуу панелдик сессияга төрагалык кылып, мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү парламенттердин ролу тууралуу баяндама жасады.

Ал мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана парламенттик дипломатияны өнүктүрүү өлкөлөрдүн экономикалык жана инвестициялык байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле транспорт, энергетика, билим берүү жана экология тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Жаштардын ролу

Депутат Бактыяр Калпаев «Түрк кызматташтыгынын келечеги жана жаштардын ролу» аттуу сессияда сөз сүйлөп, жаштар өлкөлөрдүн келечегин гана эмес, бүгүнкү саясий, экономикалык жана коомдук өнүгүүсүн да аныктаган маанилүү күч экенин айтты.