Евросоюз 16-ноябрда Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Кимди санкциялык тизмеге кошту. Бул чечимдин негизинде анын Европа юрисдикциясындагы активдерин тоңдуруу, ага каражаттарды берүүгө тыюу салуу жана Евросоюз өлкөлөрүнө кирүүсүн чектөө каралган. Евросоюздун Кеңеши Wildberries компаниясынын Россиянын армиясын товарлар менен камсыздоого көмөктөшүп жатканын айтып, бул чечимди негиз катары көрсөткөн.
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык, санкциялар конкреттүү бир жеке адамга карата киргизилген. Маркетплейс өз алдынча Евросоюздун санкциялык тизмесине кирген эмес, ошондуктан ал Кыргызстанда ишин уланта берет.
Учурда мамлекеттик органдар санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө жол бербөө максатында иш алып барууда. Министрлик Улуттук банк менен биргеликте банктык төлөмдөрдү, анын ичинде Wildberries менен болгон эсептешүүлөрдү Евросоюздун талаптарына ылайыктуулугу боюнча катуу көзөмөлдөп жатат.
Кадр чечими
Wildberries компаниясындагы кадрдык өзгөрүүлөр

компаниянын пресс-кызматынын билдирүүсү боюнча












